Menu

Өзбекстанда бензин баасы жогорулады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 15-ноябрдан тарта бензин баасы болжол менен 40% жогорулайт. Өкмөт тиешелүү токтомду 14-ноябрда кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.

Документке ылайык, АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин чекене баасы 1000 сумдан 3800 сумга чейин (0,5 долларга жакын) жогорулайт. АИ-91 бензини 1300 сумга кымбаттап, 4300 сумду түзүп калат. Бул баалар өлкө аймагындагы бардык май куюу жайларында бирдей болот.

Мындай чечим бир нече фактордун, анын ичинде өлкөнүн борбордон башка аймактарында байкалып жаткан бензиндин тартыштыгынан улам кабыл алынганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, бул маселени чечүү үчүн «Өзбекмунайгаз» ишканасы бензин баасын жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Мамлекеттик компаниядан бул бензиндин тартыштыгынан пайдаланып жасалма ажиотаж жараткан базардагы бардык алып-сатарларды жок кылышы керек деп эсептешүүдө.

Өзбекстандын өкмөтү жыл сайын бензинге болгон бааны жогорулатып келет. Алсак, 2016-жылы күйүүчү майдын баасы эки жолу кымбаттаган. Жыл башында болгону 45 сумга жогоруласа, кийин октябрда 30% кымбаттаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: