Menu

Жалал-Абад: өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алуу күчөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу боюнча ар түрдүү иш-чаралар күчөтүлүүдө. Бул багытта шаар аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелердин катышуу менен укук коргоо органдарынын, билим берүү тармагынын жана дин уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Сеиткулова билдирди.

Анын айтымында, шаарда жайгашкан жалпы 21 мектептерде окуган окуучулардын аймактарга бөлүнүп алып, өз ара мушташууларынын алдын алуу негизги нерсе болууда.

-Бул жолугушуулардын негизги максаты 2017-2018-окуу жылынын экинчи чейрегинин башталышына карата мектеп окуучуларынын арасында аймактарга бөлүнүп алып, өз ара мушташууларынын алдын алуу, башка да ар кандай кылмыштуу аракеттерин болтурбоо эсептелет. Бул ишке ата-энелер жана коомчулук өкүлдөрү да артылууда, – дейт ал.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирбек Султановдун айтымында, учурда шаар аймагында областтын башка район-шаарларынан келип кылмыш жасаган өспүрүмдөр да катталууда. Былтыркы жылы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда жасалган кылмыш аракеттери боюнча жалпы 30 кылмыш иши козголгон болсо, бул жылы ушундай 32  кылмыш иши козголду.

-Бул катталган 32 кылмыштын 10у Сузак районунан келген өспүрүмдөр тарабынан жасалган. Бирок, кылмыштын катталган жери шаар болуп кала берүүдө. Ал эми жолугушууларда ата-энелерге балдардын тарбиясын бир гана мектеп мугалимдерине таштап койбой, ата-энелердин да бул маселедеги жоопкерчилиги айтылууда. Бул иште бизге дин уюмдарынын өкүлдөрү жардамга келишкен. Биз муну менен чектелбей, түнкүсүн өспүрүмдөрдүн көчөдө жүрүшүн катуу көзөмөлгө алабыз, – дейт ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: