Укук коргоо органдары Таласта өткөрүлгөн митингдердин активдүү катышуучуларынын бири Шамбет Кубатбековду камакка алышкандыктарын шардана кылышты. Анан калса аны Таластагы митингге тиешеси жок экенин жарыялашты.
Атаңардын гана башы, кечирип койгула. Так ошол митингге катышкандыгы үчүн камадыңар. Шамбет Кубатбеков ИИМдин Транспорт милициясында жетекчи болуп турганда эң таза иштеген жетекчи болгон. Муну ошол кездеги министр Зарылбек Рысалиев эң жакшы билет. Акчалуулар анын ордун тартып алабыз дешип, акыры чаап салышкан. Шамбет Кубатбеков Бакиев бийлигинин убагында милицияда иштеп, бирок ошол эле учурда кандуу бийликке каршы чыгып, оппозицияга кол кабыш кылган. Мына ошондой көкжалдардын катышуусунун натыйжасында Талас революцияны баштап берди да. Революция өз балдарын өзү жейт дегендей, эми минтип революционерлер камакка алынып жатканы өкүнүчтүү. ИИМ министри Улан Исраилов кесиптештерине тиш сала баштаганы өтө коркунучтуу. Келме кезек дечү беле.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ