Омурбек Текебаев менен Дуйшон Чотоновдун иши адаттагыдай башаламандык менен өттү. Отурумга соттолуучулар алынып келинген жок. Шаардык сот өкүм чыгарарда Текебавда да, Чотонов да акыркы сөзүн сүйлөбөгөндүгүн белгилеп, адвокаттар аларды алып келүүнү суранды, бирок Сот макул болгон жок.
Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын айтуусу боюнча, Текебаев ходотайство жазса дагы ага мүмкүнчүлүк берилген жок.
Соттун отурумунда баш аягы 20 өтүнүч четке кагылды. Адвокат Канат Хасанов иш менен таанышпай туруп өтүнүчтөрдү четке каккан мамлекеттик айыптоочудан баш тартуу өтүнүчүн билдирди. Өтүнүч кайрадан канааттандыруусуз калды.
“Прокурор бул иштин манызын түшүнбөй туруп ишти алып барып жатат. Булар 9 том ишти булар 10 мүнөт ичинде карап коюшту. Прокуратура ушунчалык эле “супер геройлор” болуп кетиштиби? – деп нараазычылыгын билдирди Хасанов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ