Menu

Аида Салянова: ИИМ маалыматты алгачкы күндөн баштап эле бурмалоодо

Бөлүшүү:

ИИМ Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалыматтарды алгачкы күндөн баштап эле бурмалоодо. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жоргорку Кеңештин депутаты Аида Салянова билдирген.

Анын айтымында, эки апта өтсө дагы тергөө ишинде жылыш жок. Анүстүнө ИИМ биринчи күн эле саясый мүдөөнү четке каккандыгын түшүндүрүп бербей жатат.

«Тергөө толук жүрбөй жатат. Айрым фактылар көз жаздымда калууда. Мисалы, мен келгенге чейин эле инимдин баласы кичи жүк ташуучу унаа менен «Прадо» автомобили жакын келгенин көргөндүгүн милицияга айткан. Бирок, аны эч ким издеген жок.», — дейт Аида Салянова.

«Ата-Мекен» фракциясы бул суроону эртең парламенттик отурумга алып чыгат.

Эске салсак, Улан Саляновду 5-ноябрда өз үйүндө атып өлтүрүшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: