Menu

Дамира Ниязалиева: Асылбек Жээнбеков менен үй-бүлөлүк жакын мамилебиз бар

Бөлүшүү:

Социалдык-сферадан түшүнүгү кең бул айымдан өлкөбүздүн бул жааттагы абалынан кеп сурап кайрылдык! Эмесе, экс-министрдин анализине кызыксаңар, төмөндөн аңдап алсаңар.

– Дамира айым, учурда өкмөттүн сууга, уюлдук телефондорго карата кошумча төлөмдөрдү көтөрүү планы айрымдар тарабынан сынга алынууда. Социалдык сферадан түшүнүгүңүз кеңири го, өкмөттүн бул кадамын кандай баалайсыз? Балким алар түпкү идеясын элибизге туура түшүндүрө албай жаткан жокпу?

– Өкмөттүн «быссымылда» эле дегенде популярдуу эмес чараларга барганы коомго жаккан жок. Бүгүн элибиз ачык-айкын маалыматтарга (өкмөттүн кандай иш-чара жасап жатканы жана жыйынтыктары жөнүндө) суусап турган убагы. Маалыматтын аздыгынан ар кандай күмөн саноо, терс божомолдор да жок эмес. Ошон үчүн ар бир министрлик 2-3 айда бир пресс-конференцияда коомго, журналисттерге отчет берип турушса жакшы болмок. Мүмкүн түшүнүк жана колдоо да көбүрөөк болмок. Азыр тилекке каршы, баардыгы тегиз эле «начар» деген сынга кабылууда. Бул өкмөттүн курамынын мурункуларга караганда өздөрүн көргөзгөнгө убактысы аз. Мүмкүн ошол үчүн шашылыш болуп калдыбы… Мыйзам чегинде мамлекеттик демилгелер бир топ экспертизадан өтүш керек (укуктук, коррупцияга каршы, гендерлик, адам укугун коргоо ж.б.). Андан башка коомдук, парламенттик угуулар болушу зарыл. Мындай шартта бир топ электен өткөн демилгенин оң-терс жактары көрүнүп, «бышып» чыкмак. Сууга, уюлдук телефонго салыкты көбөйтүүнүн зарылчылыгы менен экономикалык негиздемесин өкмөттөгүлөр коомго жөнөкөй, так түшүндүрө алышкан жок. Башкача айтканда, кээ бир министр сөрөйлөр премьер-министрди «подставить этип» койду десем жаңылышпайм. Министрлер кабинетинин курамы тажрыйбалуу профессионалдардан турса, өкмөттүн жетекчисине жеңилирээк болмок.

– Кезегинде азыр арааны жүрүп жаткан айтылуу Асылбек Жээнбеков менен бир кайыктагы кесиптеш гана эмес, үй-бүлөлүк жакын алакада мамилеңиздер бар эле. Ал тургай уулуңуз үйлөнгөндө ал кишини өкүл ата койгонуңуз да белгилүү. Асылбек Жээнбеков менен ортодогу ушундай бекемдик турса да кызматсыз жүргөнүңүздү эмне деп түшүндүрөөр элеңиз?

– Ооба, Асылбек Жээнбеков менен үй-бүлөлүк жакшы, сый мамилебиз бар. Бирок, мен жакшы санаалаштыктын, достуктун негизинде кызмат талап кылгандан абдан алысмын. Анүстүнө Асыке досум өкмөттүн жетекчиси эмес, ал жөнөкөй эле катардагы депутат. Менимче, баарыбыз тааныш-билиштиктин негизинде эмес, адистердин тажрыйбасына, профессионалдык көрсөткүчтөрүнө карата кадрдык жүрүштөр тандалса алдыга эбак өсүп кетмекпиз. Аллахым буюрса, мен мекениме дагы эле кызмат кылам деп ойлойм. Элим үчүн бир топ эле иштерди жасадым. Маселен, менин жазган мыйзамдарым менен өлкөбүз жашап атат, туура эмес менчиктештирилип кеткен бала бакчалар, ооруканалар элдин колуна тийди. Кайсы жерге барбайын баары мени таанышып, сый-урматтын үстүндөмүн. Өзүм унутуп калган сөздөрүмдү, жасаган иштеримди эстешип, алкыш айткан элимден айланайын демекчимин. Кызмат боюнча соболуңа, эми Жараткан Кудайымдын буюрган бир күнү тургандыр.

– Парламенттин мөөнөтүнөн мурун тарай турганы сөз болууда. Мындай имиштерден кабардар болдуңузбу? Дегеле азыркы чакырылыштагы эл өкүлдөрү белгиленген убакытка чейин иштеши керекпи?

– Баардык нерсе өз убагы жана мөөнөтү менен болгону туура. Жогорку Кеңешти таратуу эрежеси Башмыйзамда көрсөтүлгөн негизде депутаттар өздөрү гана чечишет. Азыркы эл өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда кетишеби же аягына чейин иштешеби деген актуалдуу соболго менимче парламент өзүн аягына чейин сактайт деген ойдомун.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: