Menu

Чолпон Султанбекова илимге эмгеги сиңген ишмер Мария Нанаеваны юбилейи менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 22-ноябрда, «Калктын саламаттыгын сактоодогу заманбап фармакологиянын, клиникалык фармакологиянын жана фармациянын ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйынга катышып, анда Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынан профессор, илимге эмгеги сиңген ишмер Мария Нанаеваны 90 жылдык юбилейи менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Биздин өлкөнүн илимий интеллигенциясы Сизди атамекендик тоолуу фармакология мектебинин негиздөөчү окумуштуусу, жогорку квалификациялуу педагог жана таланттуу уюштуруучу катары билет. Сиз кафедранын ассистентинен тарта эмгек сиңирген врач жана илимге эмгеги сиңген ишмер, Илимдер Академиясынын Ардактуу академигине дейре  басып өткөн жолуңуз өз элиңизге берилүү менен кызмат кылууңузду, илим-билимиңизди  калктын саламаттыгын сактоо, илимий жана педагогикалык кадрларды тарбиялоо сыяктуу асыл максаттарга  багытталгандыгын айгинелейт. Сиз 36 жыл бою жетекчилик кылган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун фармакология кафедрасынын калыптанышына чоң салым киргиздиңиз, бүгүнкү күндө анын бүтүрүүчүлөрү  атамекендик саламаттык сактоо тутумуна татыктуу салымын кошууда», — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова профессор Мария Нанаевага чың ден-соолук, бакыт-таалай, чыгармачыл ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

Мария Нанаеванын доктордук диссертация алкагындагы илимий иштери бийик тоолуу аймактагы фармакологияга арналган. Анын жетекчилиги астында 10 кандидатык диссертация жакталып, ал беш монография жана окуу куралдарынын, 80 ашуун окуу-усулдук сунуштамалардын автору болуп саналат. Учурда Мария Нанаева Фармакология жана клиникалык фармакология боюнча диссертациялык кеңештин иши алкагында илимий кадрларды даярдоого активдүү катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: