«Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизип, Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып берген 63 депутаттын тизмеси коомчулукка жарыяланды. Алардын фамилиялары убагы келгенде көтөрүлүп, тарых катуу баа берген күн келсе керек. Мына ошол депутаттардын башында турган ЖК спикери Дастан Жумабековдун келечектеги абалын элестетүү өтө оор. Эске салсак, Кумтөрдү каздырууга тиешеси болгон, чыр-чатакка аралашкан качкын президенттер Акаев, Бакиев ж.б. жогорку чиновниктер кандай тагдырга кептелишти? Айрымдары качып кетишсе, кээ бири камалышты, сот жоопкерчилигине тартылышты, айтор, «алтынга малынган атактуулардын» эч кимиси жыргап кеткен жок. Ошондой анты болот. А бүгүнкү күндө табигатка кас мамиле жасоо менен мөңгүнү талкалоо үчүн мыйзам кабыл алышты. Болор иш болду. Мындай иштин башында турган С.Исакев, Д.Жумабеков, Д.Зилалиевге окшогон бир топ чиновниктерди жана ошол добуш берген депутаттарды Жер Эненин кусуру уруп кетпейби?!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ