Menu

Текебаев: “Атамбаев “Текебаевди Саляновадай, Чудинов, Ташиевдей соттоп, анан чыгарып койсом рейтинги, бедели түшмөк, элдин колдоосуна ээ болмой калмак” деп өкүнүүдө”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-декабрда Атамбаевдин амири менен абакта жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаев 60 жашка толду. Бул датага байланыштуу Болот Шер баш болгон атамекенчилер эски-жаңы саясатчыларды Бишкектин бир кафесине чакырып, сый тамак берди. Тамактан кийин тойдо топурагандардын жоон тобу  Өмүрбек Текебаев жаткан орууканага барып, аны 60 жылдык курагы менен куттуктап, тилектерин айтышты.

“Жолбашчыбыз болуп жүргөнсүз, жол көрсөтүп жүргөнсүз, жакшы-жаманды көрсөтүп жүрчү элеңиз, эми абактан чыксаңыз дагы көрсөтөсүз, мен ойлоп калдым: ушул абакка олтуруп чыккандар мамлекетти башкармайынча мамлекет оңолбой калды го деп”, – деди элди күлдүрүп, экс-депутат Камчыбек Ташиев.

Ал эми Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Көпчүлүк Алмазбек Атамбаев Текебаевди каматып койгонуна өкүндү деп ойлоду. Мен башкача түшүндүм. Алмазбек Атамбаев “элдин Текебаевди абакка каматканга чейин жана андан кийинки ага мамилеси кандай болгон” деп айтты. Ал Текебаевдин рейтинги көтөрүлүп кетти деп эле кейип жатат. Ал Текебаевди түрмөгө отургузбай, Саляновадай, Чудинов, Ташиевдей кылып соттоп, бирок айып салып чыгарып эле койсом рейтинги, бедели түшмөк, бирок элдин колдоосуна, аёосуна ээ болбой калмак эле деп өкүнгөндөй болду. Бирок тагдыр өзүнчө чечет эмеспи, кандай болсо ошондой болду”, – деди экс-депутат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: