Menu

Дарига Назарбаева: «туруктуу бийлик бар, келечеги белгилүү» өлкөдө жашап жатабыз

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы, өлкө парламентинин Сенатынын депутаты Дарига Назарбаева өлкөдөгү туруктуулуктун аркасы менен казакстандыктар «чоң бакытка» — өз жашоосун пландоо мүмкүндүгүнө ээ экенин билдирди.

Мамлекеттик «Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, Дарига Назарбаева мындай пикирин «аскердик-мекенчилдик иштер маселелери боюнча» мекемелер аралык жолугушууда сүйлөп жатып айтты.

«Биз туруктуу бийлиги, саясаты бар, бардык нерсенин келечеги белгилүү өлкөдө жашап жатабыз. Силер менен биздин дагы келечегибизди көптөгөн жылдар алдыга айтууга болот. Билим алам, иштейм, максаттарыма жетем деп өз жашооңду пландоо мүмкүндүгүнө ээ болуу — бул чоң бакыт», – деп билдирди Назарбаева.

Жолугушуунун жүрүшүндө коргоо министри Сакен Жасузаков өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн колдогондугу үчүн Назарбаевага ыраазычылык билдирип, аны биринчи даражадагы «Ел корганы» медалы менен сыйлады. Бул медал «өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери үчүн» деп быйыл мартта негизделген.

54 жаштагы Дарига Назарбаева атасынын жарлыгы менен былтыр сентябрда парламенттин жогорку палатасы — Сенаттын депутаты болуп дайындалган. Ага чейин ал бир жыл бою өлкөнүн премьер-министринин орун басары кызматын аркалаган. Сенатта Назарбаева эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин жетектейт. Дарига Назарбаева – көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: