Menu

Жалал-Абад казыяты 132 имамдын билим деңгээлин жогорулатты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу иш чарасы уюштурулуп, Жалал-Абад шаарынын имамдары үчүн Аз-Захра медресесинде  өткөрүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Окуу семинарына Жалал-Абад шаарынан 30 имам катышып, өз билимдерин жогорулатышты. Семинарда Жалал-Абад облустук казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Алибек ажы Батыралиев “Соода-сатыктын шариаттагы орду” туурасында кеңири маалымат берип, алдын ала даярдалган маалымат баракчаларды таратса, Рахман ажы Авазов “КР дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы” жана Коргоо Кеңешинде кабыл алынган чечимдер туурасында маалымат берди. Окутуу иш чарасынын алкагында имамдар өздөрүнүн суроолорун беришип, ар бирине Рахман ажы Авазов маалыматтык толуктоо ирээтинде жооп берди. Ал эми катышпай калган 3 имамга шаар хатиби Аллаяр ажы Мадалиев эскертүү берилерин белгиледи.

Эске салсак, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган окуу семинарынын ырааттамасы облус казысы тарабынан бекитилип, Ноокен районунан 40 имам, Майлуу-Суу шаарынан 2 имам жана Базар-Коргон районунан 70тен ашык имам катышып, жалпысынан 132 имам өз билимдерин жогорулатышкан болчу. Кийинки кезек башка район-шаарларда уюштурулмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: