Депутатмын деп эле делөөрүп, ойду-тоону сүйлөй бергендер бар эмеспи. Акыркы күндөрү алардын саны арбып бара жатат. Айрымдарын мамлекет жетекчилери же коомчулук ордуна коюп жатканы менен аяктары али да үзүлчүдөй эмес. Айталы, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов президент Алмазбек Атамбаевден «удар» алгандан бери өзүнө келе албай жүрөт. Аржак-бержакты карап, айтаар сөзүн талдап, аргумент-фактыга негиздеп туруп, анан алына жараша оппозиция болуп опурулса болмок экен. Жарыктык киши өзүнүн эле жүрөгүнө күч келтирип алды көрүнөт. Ушу тапта «апаптатаар» киши издеп жүрөт деп уктук. Арты жакшы болгой эле.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ