АКШ менен Түштүк Корея эки өлкө кызматташып баштагандан берки аскер аба күчтөрүнүн эң ири машыгууларын башташты. Бул тууралуу «Ассошиэйтед пресс» жана Түштүк Кореянын «Рёнхап» агенттиктери 4-декабрда билдиришти.
Корей жарым аралындагы Vigilant Ace деп аталган машыгууларга эки өлкөнүн 230 учагы, анын ичинде алтыдан америкалык F-22 жана F-35A согуштук учактары, ошондой эле 12 миң жоокер катышат.
Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, беш күндүк машыгуулардын жүрүшүндө алар Пхеньяндын өзөктүк-ракеталык программасына байланышкан объектилердин көчүрмөлөрүнө сокку урууга машыгышат.
Түндүк Корея бийлиги пландалган машыгууларды «ири аскердик чагым» деп атап, Вашингтонду өзөктүк согушка даярданууда деп айыптады.
Аймактагы абал 29-ноябрда Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракеталарын учургандан кийин курчуп кетти. Пхеньян снаряд АКШ аймагынын бардык жерине жетерин билдирүүдө. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкө өзөктүк күчтөрдү түзүү иштерин ийгиликтүү аяктаганын жарыялады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ