Menu

“Мегакомго” жаңы кардар изделип жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтү “Альфа телеком” компаниясын сатыш үчүн жаңы кардар издеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда уюк компаниясына кызыккандар болгону менен конкреттүү сунуш жок.

“Бүгүн мыйзам чегинде компаниянын баасын түшүргөнгө жолдор бар. Ал үчүн компаниянын баасын аныктоочу комиссияны чакырып, экономикалык жактан карасак болот. Бирок кызыгып, алабыз деген сунуш менен келген кардар чыга элек”, – деди Зилалиев.

Маммүлк фондунун төрагасы уюк байланыш ишканасын сатуу боюнча консалтингдик компаниялардын кызматынан пайдалануу планы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин “Альфа Телеком” ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары айтылган. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе албай, кыргыз өкмөтү Нагорная менен сүйлөшүүнү токтоткон.

“Мегаком” деген соода маркасы менен белгилүү “Альфа Телеком” уюк байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени быйыл сентябрда маалым болгон. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер “Мегакомду” кантип иштете алат деген түкшүмөл ойлор жаралган.

Кыргыз өкмөтү “Альфа Телекомду” алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: