Menu

“Ак жолчу” Аскар Шадиев биринчи вице-премьер-министр болот

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр Аскарбек Шадиев бул кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин, тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгиледи. «Ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», – деди ал.

Ал эми депутат Искак Масалиев Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдоо менен бирге, келечекте биринчи вице-премьер-министрдин эмгек акыны кайдан ала турганын, парламентте добуш берүү укугу сакталып калса, жалпы жыйындын кворумуна кандай таасир эте турганын тактап коюу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр Өкмөттөн маяна аларын билдирди.

«Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиев ушу тапта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: