Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан Digital CASA программасы аркылуу ала турган эки долбоор боюнча каражаттын 90 пайызы консультанттардын тейлөө кызматына жумшалат экен, өтө кымбат, мындайга жол бербеш керек. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Белгилей кетсек, Ачык маалыматтар боюнча иш-чаралар планы» долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашуу-катка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) 450 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп бермекчи. Ал эми Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия (Digital CASA) (TF0A5602) долбооруна даярдык көрүүгө ECAPDEV грантын бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу-катка ылайык, 350 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнмөкчү.
Аталган долбоорлордун башкы максаты Кыргызстанда интернет байланыштарынын сапатын жакшыртуу болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ