Menu

Исраилов, Кудайбердиева, Мурашев баштаган министрлер жакында жумуштан айдалышат

Бөлүшүү:

Жакынкы жумаларда бийликте кадрдык алмашуулар орун алат. Бир катар министрлер кызматтан кетет. Алардын катарында билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева, социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, айыл чарба минист­ри Нурбек Мурашев, ички иштер министри Улан Исраиловдор бар. Гүлмира айым Жогорку Кеңеште мугалимдин орточо айлыгын билбей тердеп-кургап жаман болсо, Таалайгүл айым жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилчү сүйүнчү акча, аз камсыз болгон балдарга канча сомдон акча каражаты каралганын билбей эси оогон. Улан мырза болсо Текебаевдин берген суроолоруна жооп бере албай кызарып-татарганы менен элдин эсинде калды. Башка көзгө көрүнгөн иши болгон жок. Нурбек мыр­за «1000 сомдук» деген кличкага ээ болгону болбосо, бар же жок экени билинбейт. Ийинге кирген суурдай дымы чыкпайт. Мындай өз ишин жарытылуу билбеген министрлерден арылуу жагы биринчи орунга коюлуп жаткандай.

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: