Нарында үч алтын кени 1,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети кабарлайт. Аукциондун жыйынтыгында Кичи Нарын тилкеси боюнча алтын кендин лицензиясын «Эгиз- Суу» ишканасы жеңип алган. Башкача айтканда, 53 миң долларга сатып алган. Ал эми «Биринчи» кенин колдонууга уруксатты «Тусан мининг» 1 миллион 780 миң долларга сатып алды. Үчүнчү алтын кени «Улан» аянтчасынын лизенциясы 31,6 миң долларга «Базис Г олд» ишканасына берилди. «Кумтөр», «Жерүй» алтын кендери боюнча нааразычылык күчөп турганда, башка алтын кендерин сатуунун зарылдыгы жок эле. Минтип отурушса, мамлекетти дагы сатып жиберишет го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ