Menu

Бүгүн, 11-сентябрда СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 85 жашка чыкмак

Бөлүшүү:

Ал 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун (ЛИКИ) электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.

Кыргызфильм студиясында үн оператор болуп иштеген.

1966-жылы жогорку режиссердук курсту аяктаган.

Бир катар көркөм тасмалары үчүн аны ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы катары баалашат. Анын чыгаан шериктеринин арасында Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев жана башка кыргыз режиссерлору бар.

1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

Даңазалуу кыргыз парламентинин депутаты (1990-1994) болгон.

1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген, кийинчерээк Түрксойдо Кыргызстандын өкүлү болуп иштеген.

Ал 2001-жылы 66 жаш курагында Анкара шаарында оорудан каза болгон.

Сыйлыктары

Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси (1967).

Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1972).

Эмгектери:

Режиссердук эмгектери
1986- “Махабат дастаны” (Миражи любви)
1984- “Кожожаш” (Потомок белого барса)
1980 -“Алтын күз” (Золотая осень)
1977 -“Улан” (Улан)
1975 -“Кызыл алма” (Красное яблоко)
1973 -“Көк серек” (Лютый)
1971 -“Уркуя” (Поклонись огню)
1966 -“Бакайдын жайыты” (Небо нашего детства)

Кино сценарист катары катышкан эмгектери:

1990 – “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” (Пегий пес, бегущий краем моря (Германия, СССР)
1988- “Куугунтук” (Преследование)
1986 – “Махабат дастаны” (Миражи любви)
1984 – “Кожожаш” (Потомок белого барса)
1977 – “Улан” (Улан)
1975 – “Кызыл алма” (Красное яблоко)
1971 – “Уркуя” (Поклонись огню)
1966 – “Бакайдын жайыты” (Небо нашего детства)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: