7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору Токтобүбү Дыйканбаева жана институттун жамааты Кытай Коомдук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугушту, – деп билдирди мекеменин Маалыматтык бөлүмү.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташууну улантуу менен бирге, кызматкерлер ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Кытай Коомдук илимдер академиясынын өкүлү Йан Донг (Yan Dong) кызматташуу туурасында сөз кылып жатып: “Биз сиздер менен экономикалык жактан кызматташууда келечекке болгон көз карашыңыздар жана башка мамлекеттер менен кызматташууга болгон ой-пикириңиздер, кыргыз экономикасы тууралуу билүүгө абдан кызыкдарбыз”, – деди.
Ал эми, Ж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору, Токтобүбү Дыйканбаева төмөндөгүлөргө токтоло кетти: «Кытай коомдук илимдер академиясы кызматташтыкка байланыштуу Кыргызстандын экономикасын билгилери келишет, бул темада бир топ пикир алмаштык жана баса белгилеп кетчү нерсе – биздин жаш кызматкерлерибиз Кытай Коомдук илимдер академиясында стажировкадан өтүп келишкен. Келечекте дагы эки тарап биргелешип экономикага байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүшү ыктымал»,- деп кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ