Menu

Стамбулда Абдулкадыр Машариповдун соту башталды

Бөлүшүү:

Жаңы жыл түнү “Рейна” түнкү клубуна кол салган өзбекстандык Абдулкадыр Машариповго байланыштуу алгачкы соттук отурум Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө өтүүдө. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Түрк прокурлору Абдулкадыр Машариповго 40 кылмышкерге берилүүчү өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын – 2397 жылдык абак мөөнөтүн сурашууда.

Машарипов 39 кишини өлтүрүүгө, конституциялык түзүмдү кулатууга, террордук акт жасоого, кутумчулукка жана курал-жарактарды мыйзамсыз сактоого айыпталууда.

Абдулкадыр Машарипов – “Рейна” түнкү клубундагы теракт боюнча кармалган 57 кишинин бирөө. Анын аялы Зарина Нуруллаева дагы күнөөлүүлөрдүн тизмесинде. Прокурорлор ага карата дагы күйөөсүнүкүндөй оор жаза суроолору ыктымал.

Машарипов теракттан бир нече жума өткөндөн кийин кармалган. Колго түшүрүү маалында анын батиринен эки тапанча, 197 миң АКШ доллары, дрон жана SIM-карталар табылган. Бул чабуул үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: