Жалал-Абад облусунда 2017-жылдын 10-декабрында саат 06:02 чамасында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Кызыл-Жар айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 128 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Өрттүн кесепетинен үй ээси 1970-жылы туулган Э. К. (эркек адам) күйүп калган денеси табылган.
Өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ