ӨКМ Кыргыз Республикасынын аймагында 13-17-декабрда күтүлгөн болжолдуу аба ырайы тууралуу билдирүү жарыялады.
Ага ылайык, 13-15-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.
16- декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ