Menu

Кошоматчылык менен Жумалиев чыкканда Нышановдун рейтинги экинчи орунга түшүп калды

Бөлүшүү:

А. Акаевдин доорунда лаборанттыктан премьер-министрликке чейин көтөрүлгөн Кубанычбек Жумалиев деген болгон. Ал азыр да бар. Болгондо да фракциялардын биринен Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. Кандай мыйзам жазып, элге эмне пайдасы тийип жаткандыгын ким билсин, мына ошол бир кездеги аспирант түшүнөн чочугандай эле түндүк-туштүк альтернативалык жолуна экс-президент болуп, эскире баштаган Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгып, аркы жээктеги оппозициянын да, Ак үй тараптагылардын да оозун Ошту каратты.

Баарынан да кошоматчылык демилгесин алдырып жиберген бийликтин КСДП фракциясынын депутаттары кыйын абалга кабылышты. Кала берсе Ө.Текебаевдин арты менен соодагерден саясатчыга айланып, Атамбаевге “Кыргыз эл баатыры наамын берүүнүн демилгечиси С.Нышановдун рейтинги экинчи орунга түшүп калды окшойт. Саясый эксперттердин пикиринде, Атамбаевдин башкы душманы болгон Акаевдин жан-жөкөрүнүн 180 градус бурулушу мурдагы “боссунун” да кыжырына тийсе керек. Бирок, Акаевдин бир кездеги көзгө басар, алмашкыс адамы ушундай маселени көтөрүп жатышы жөнөкөй адамдарды да жер каратып койду. Деги Кытайдын акчасына курулуп жаткан аталган жолдун Атамбаев деп аталышы туурабы?

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: