Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Сокулук районунда жайгашкан базардан Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы А.Ш. аттуу жашоочусу кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизат табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 1 килограммга жакын салмактагы гашиш баңгизаты болуп чыккан.
Ошондой эле, Талас облсунун Бакай-Ата районунда 27 жаштагы Т.Д. аттуу жергиликтүү тургундун үйүн текшерүү учурунда үйүнөн 300 граммга жакын марихуана баңгизаты табылып алынган.
Жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ