Адам укуктары боюнча Азия форуму 2018-жылы ноябрда Самаркандда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Орусиядагы элчиси Бахром Ашрафханов билдирди.
Конференция БУУнун адам укуктары боюнча декларациясынын 70 жылдык мааракесине арналат.
Буга чейин Human Rights Watch уюму Өзбекстан президенти түрмөдөгү 16 саясий активистти бошотконун маалымдаган.
Мындан тышкары 12-декабрдан тарта Өзбекстанда Эмгек уюмдарынын эл аралык конвенциясы иштеп баштады. Ал адам укуктарын коргоого жана кесиптик кошуундарга биригүү эркиндигин камсыздоого багытталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ