Menu

Токмок шаарында уурулукка шектелгендер кармалышты

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаасынан эки аккумулятор жана машинедеги магнитофонун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 22 жаштагы Б.Н., К.Б. жана 16 жаштагы И.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Учурда кармалган балдардын башка да кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: