Menu

Болот Жанузаков, коомдук ишмер: “Акаев кайсы күнү, кайсы маалда кел­се, биз кош колдоп тосуп алабыз”

Бөлүшүү:

-9-декабрь күнү Берлин шаарында КР тунгуч президенти Аскар Акаев жубайы Майрам жана кызы Бермет болуп, ошо жердеги кыргыз жарандары менен жолугушууга келип, жагымсыз окуяга туш болушкан. Жумуртка чабуулуна өткөн жигиттин жорук- жосуну, Бермет Акаева атасын коргоо иш-аракети соцтүйүндөрдө аябай чоң талкуу жаратты. Биз бул окуяга өз баасын берүү үчүн айрым адамдарга кайрылып, «учурда Аскар Акаев мекенине кайтып келүүсү зарылбы?» деген соболду узаттык.

– Эмнеге алакандай кыргыз элибиз кылымдардан кылымга жашап, түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөп келген? Анткени, бизде башка элдерден бөлөк улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо деген байыркы ата-бабалардан келаткан каада-салтыбыз бар. Керек болсо бул дүйнөдөгү баардык жазылган мыйзамдардан он-жүз эсе жогору, күчтүү турарын эскертким келет. Каалайбызбы-каалабайбызбы, Аскар Акаев 14 жыл бою Кыргызстанды президент катары башкарып келди. Эгемен алган жылдан баштап кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү башка ири державаларга, чоң-чоң мамлекеттерге таанытып, алар менен алака түздү.

Кечээ Г ермания жергесинде Аскар Акаевге карата туура эмес иш кылган жигит өзү жогорудагы мен айткан «улууну урматтоо» деген каада-салтты, ошону менен ка­тар ата-эне тарбиясын көрбөгөндөй мамиле кылды. Аттиң! Бизде ушундай жагымсыз көрүнүштөр элибиздин кадыр-баркын түшүрүп атат. Кыргыз элинин гимнинде «…Бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга берели» деген жери бар. Улуу муундун адамдары келечек жаш муундарды туура жолго салып, туура тарбия берип өстүрүүбүз керек. Антпесек биздин мамлекетибиздин келечеги да жок. Ушундай учурда Надырбек Алымбеков акындын Кыргыздын кыргыз деген душманы бар, Ортону ойрон кылып бузганы бар. Кайрадан тиш кайрашып карышкырча, Канында көрө албастык кызгануу бар, – деген ыр саптары эсиме келип атат. Ал эми Аскар Акаев мекенине кайтып келеби, келсе эл кандай кабыл алат – бул боюнча азыр бир гана жообум бар: Аскар Акаев өзү «менин жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Убакыт-сааты келгенде мекениме барам» деген. Кайсы күнү, кайсы маалда кел­се, биз кош колдоп тосуп алабыз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: