Menu

Фото – Жалал-Абадда жаштар арасында бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери боюнча дебаттар өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жарыяланган Жаштар жумалыгынын алкагында шаардык жаштар комитети тарабынан Укук, бизнес жана билим берүү академиясында Жалал-Абад шаарындагы 8 жогорку жана орто билим берүү окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда бүгүнкү күндөгү коомдо актуалдуу деп тандалып алынган темалардын алкагында дебаттар өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, шаарда шаардагы окуу жайлардын студенттеринин арасында интеллектуалдык, спорттук иш-чараларша көбүрөөк көңүл бурулууда.

-Шаар жаштары жана студенттери катышып жаткан иш-чараларды, сынактарды биз Жалал-Абаддагы окуу жайларында өткөрүп жатабыз. Андагы негизги максат шаар жаштары арасында бири-бирин жакындан таанып-билүү, өз ара карым-катнаштарын чыңдоо болуп саналат, – дейт ал.

Өткөрүлүп жаткан дебаттардын уюштуруучуларынын бири, Укук бизнес жана билим берүү академиясынын студенти Расулжан кызы Жаңылай студенттердин  аң-сезиин жогорулатуу максатында алардын оратордук чеберчилигин күчөтүү үчүн ушундай дебаттарды уюштуруу колго алынды.

-Дебатта жаштар коррупция темасын тандап алышып, “Ага ким күнөөлү?, “Кызмат адамдарыбы же жарандарбы?”, “Өлүм жазасын Кыргызстанда кабыл алуу керекпи?”, “Элдик дарыгерлердин ишине чектөө киргизиш керекпи?” деген суроолордун алкагында жаштар өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салышты, – дейт ал.

Жаштар иштери боюнча комитети жумалыктын алкагында дагы бир катар иш-чараларды өткөрө турганын билдирди.

zha-zhashtar-debaty-2

zha-zhashtar-debaty-3

zha-zhashtar-debaty-4

zha-zhashtar-debaty-5

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: