Menu

Сауд Арабия Астанага эл аралык издөөдө жүргөн динаятчыны өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Сауд Арабия Астанага  “шейх Халил” ысымы менен белгилүү динаятчыны өткөрүп берди. Абдухалил Абдужаббаровдун кайтарылганын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Ал 18-февралда депортацияланган.

Абдужаббаров 2015-жылдан бери “Диний кастыкты козутуу” жана “Терроризмди үгүттөө” беренеси боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын баш коргоо чарасы каралып, камакта кармоо чечими чыкты.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча Абдужаббаров 2000-жылдардын башында Казакстандын батыш облустарында радикалдуу исламды жайылтууга аракет жасаган. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Актөбө, Атырау жана Уральскта жашыруун радикалдуу уячалар пайда болгон.

Анын шакирттери делген кишилердин бир бөлүгү Казакстанда терррордук акт жасоого катышса, калгандары жоочуларга кошулуу үчүн Сирия жана Ооганстанга чыгып кетишкен.

Абдужаббаров 2006-жылдан бери Сауд Арабиясында болчу, 2015-жылы декабрда Медина полициясы тарабынан кармалып, 2016-жылы Түркияга чыгарылган. Бирок Анкара ага саясий баш паанек берүүдөн баш тартып, кайрадан Сауд Арабиясына өткөрүп берген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: