Түркия мамлекетинин Анталия шаарында сойкулукка каршы операция жүрүп, 22 аял кармалды. Мындай маалыматты Нurriyet басылмасы жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, үй, жатакана жана мейманканаларда сойкулукка каршы операция жүрүп, 22 аял кармалган, алардын ону чет жактагылар. Кыргызстандан – 1, Өзбекстандан – 5, Түркмөнстандан – 3, Мароккодон – 1. Чет элдик аялдар өз мамлекетине депортация кылуу үчүн миграция кызматына жеткирилди.
Сойкулардын үйлөрүнөн 15 миң лира, 5 миң евро, 5500 миң доллар табылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ