Бишкекте Түркиянын жаранын атып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Аламүдүн районунун Байтик айылынын жанында белгисиз адамдар түрк жараны башкарып бара жаткан “Мерседес-Бенц-221” унаасын жолдун четине түртүп жиберишкен. Кылмышкерлер травматикалык тапанча менен айдоочуга ок чыгарып, андан 80 миң сом алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Жабырлануучу колу жана бутунан жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ