Menu

Эмилбек Каптагаев: «Атамбаев кызматтан кетеринде Өзбекстандын алдында Кыргыз Республикасынын туусун жыгып, намысын тепсеп кетти»

Бөлүшүү:

— Эмилбек мырза, учурунда үзөңгүлөш болгон Атамбаевге “Баатырдык” наам берилгенде куттук айттыңыз эле. Кечээ ал киши Өзбекстандан бизге таандык деп алган 4 пансионатты, эбак эле кайра өткөрүп бергенге убада кылганын уккандан кийин баштапкы ойдон айныган жоксузбу?

— Жарым айча мурда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришүү аземинде айтып алып, анын эртеси жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевге «Баатыр» деген наамды бергенде айттым эле — ​«Ак шумкар» тагынат элем, баатыр болот элем деп Ак үйдүн эшигин сагалап жүргөндөрдүн көбүнө караганда татыктуураак, алса алсын эми, мурдагы үзөңгүлөшү катары куттуктайм деп. Куттук айтуу адамдык милдетим эле. Ал эми бүгүнкү окуяга карап туруп, эки айдан бери тымпыйып элден жашырып жүргөн чындык ачыкка чыгып, Атамбаев кызматтан кетеринде Өзбекстандын алдында Кыргыз Республикасынын туусун жыгып, намысын тепсеп кеткенин уккандан кийин так кесе эле айта алам — ​Атамбаевдин «Кыргыз Эл Баатыры» деген наамды алып жүрүүгө эч кандай акысы жок, моралдык укугу жок деп. Башты жерге шылкыйтып «Ошо төрт пансионат силердики экен, иттик бизден кетти» — ​деп кайра кармата берүү натуура иш болду. Андан көрө ошол пансионаттар Кыргызстанга таандык экендигин Өзбекстанга таанытып, укуктук жагын таасын айтып туруп, анан биздин боордош элге берген белегибиз деп бекер эле берип койсо намыс сынбайт болчу. Атамбаевдин бул кылганы накта эле Көбөштүн тукумунун жоругу болду. Көрсө шайлоого зыяны тийбесин деп улуттук кызыкчылыкка кылган бул кыянаттык ишти жаап-жашырып келишкен турбайбы. Бул окуяга да так юридикалык жана моралдык баа берүүчү мезгил келет, замандын айлампасынан эч ким кутулуп кете алган эмес.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: