Кыргыз Республикасынын аймагында 19-23-декабрда күтүлгөн аба ырайы боюнча маалыматты Кыргызгидрометке шилтеме жасап ӨКМдин басма сөз кызматы таратты.
Ага ылайык, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоң жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Ал эми 20-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт, 21-декабрда болсо жалпы Кыргызстан боюнча мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жааса, 22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ