2017-жылдын 10-декабрь күнү саат 06:30 чамасында Кыргыз-Кыштак айылындагы дүкөндөн 8000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз атуулдар уурдап кетишкендиги тууралуу жабырлануучу милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган кылмыш ишин иликтөө учурунда милиция кызматерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Халмион айыл аймагындагы Чекелик айылынын 1999-ж.т. А.Ж. аттуу тургуну кармалган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасын кылмыш-жаза кодексинин 164- беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ