Menu

Нарын казыяты мектеп окуучуларын руханий-адепке үндөштү

Бөлүшүү:

14-декабрдан тартып 19-декабрга чейин Нарын облустук Казыятынын өкүлдөрү Нарын шаарындагы Чкалов, М.Сыдыков, А.Буйлаш уулу, А.Садыков жана Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептеринде үй-бүлөөнүн баалулуктары, ата-энелердин жоопкерчиликтери, балдарды руханий-адептик тарбиялоо жана кылмыштуулукту алдын-алуу темаларында мектеп окуучуларына жана мугалимдерге лекцияларды окушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара Нарын шаардык мериясы тарабынан уюштурулуп, иш-чарага Нарын облусунун казысынын орун басары Рахат Дюшембиев, Сейит Исаев жана Нарын шаарынын баш имам-хатиби Азатбек Оруналиев, алар менен катар Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын ШИИБ ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышышты.

Эскерте кетсек, «Адеп, ыйман жана маданият» жылына карата Нарын облустук администрациясы облус боюнча бардык орто мектептерди кыдырып, адеп-ыйманга чакырган жана кылмыштуулуктун алдын алган лекцияларды окууга тийиштүү жерлерге тапшырмаларды берип, бекиткен. 2017-жылы Нарын облустук мусулмандар казыятынын өкүлдөрү жыл башынан бери ушул иш-чаранын алкагында Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Акталаа, Нарын району жана Нарын шаарында жалпы 133 орто мектепти кыдырып, ыйманга, адепке чакырган жана терс көрүнүштөрдөн оолактаткан сабактарды өтүшкөн. Нарын казыяты тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, диний баяндар да айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: