Menu

КР “Динамо” коомунун 90 жылдык маарекесине арналган жыйыны өттү

Бөлүшүү:

21-декабрь күнү Бишкек шаарында Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын “Динамо” коомунун 90 жылдык маарекесине арналган.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Данияр Абдыкаров, Динамо уюмдарынын эл аралык координациялык кеңешинин төрагасы Андрей Боровский, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев, Кыргыз дене тарбия жана спорт коомунун төрагасынын орун басары, милициянын полковниги Төрөкул Мадалиев жана Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин курамына кирген 17 өлкөнүн спорттук уюмдардын жана клубдардын жетекчилери катышышты.

Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин төрагасы Андрей Боровский жыйынды ачып жатып, ЭКК 2002-жылдан баштап өзүнүн кадыр-баркын жогорулатып, бир катар иш-чараларды өткөрүп, ички иштер органдарынын кызматкерлеринен болгон спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоого чоң салымын кошуп жатканын белгиледи. Спорттук иш-чаралар дүйнөдөгү коопсуздукту жана тынчтыкты чыңдоого багытталып, “Динамо” коомунун тарбиялануучулары спорттук аренада ийгиликтерди жаратып, өз өлкөлөрүнүн намысын коргошууда. Ушундай ийгиликтерге жетүүсүнө Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин дагы салымы чоң.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров динамо кыймылынын тарыхына жана ийгиликтерине кыскача токтолуп кетти.

“Динамонун көптөгөн тарбиялануучулары СССРдин топтолгон курамында спорттук ийгиликтерге жетишип, эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын желегин намыскөйлүк менен көтөрүштү. Бул кыймылдын ишмердүүлүгү  жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу менен дени сак жашоого үндөөгө багытталган.

ндан сырткары, “Динамо” коому тарабынан ички иштер органдарынын өздүк курамынын дене тарбия даярдыгын жакшыртуу, кызматтык милдетин аткарып жаткан учурунда жабыр тарткан жана курман болгон милиционерлерди, алардын үй-бүлөөлөрүн социалдык жактан колдоо максатында иштер жүргүзүлүп жаткандыгын ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде баалайт. “Динамо” коомунун эң негизги тапшырмалырынын бири болуп  динамо кыймылынын мыкты салттарын колдонуу менен спорттук кызыкчылыктары окшош элдердин достугун чыңдоо болуп саналат. Акыркы жылдары Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин негизинде эл аралык динамо кызматташтыгы жаңыланды. Биз өз кезегибизде кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган ар бир сунуштарды ар дайым колдоого даярбыз”,- деп өз сөзүндө министрдин орун басары Данияр Абдыкаров билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Динамо уюмдарынын Эл аралык координациялык кеңешинин негизинде кызматташууну колго алуу жана 2018-жылга карата спорттук динамо кыймылынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча маселелер талкуланды.

Кыргызстандын көптөгөн спортчуларын тарбиялаган “Динамо” спорттук коому 90 жылдык маарекесин белгилеп, спорттун 7 түрү: жеңил атлетика,ок атуу, стритбол, күжүрмөн самбо, армрестлинг, ордо, тогуз-коргоол, дартс жана шохмат боюнча мелдештер өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: