Menu

Профессор С.Тобокелова: “Гепатит вирустарына каршы күрөшүү боюнча борборлорду уюштуруу зарыл”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-декабрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында В, С жана “Дельта” өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандар боюнча маалымат угулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев гепатит менен ооругандар боюнча жалпы маалымат берип, кан аркылуу жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу гипатит В, С вирусу өтө коркунучтуу экендигин билдирди. Анын билдиришинче, бул илдетти өз убагында дарылабаса барып-барып ракка айланат. Кыргызстанда гепатит В вирусуна каршы эмдөө 40%га гана аткарылууда.

Фракция жыйынына бул маселени кароого сунуштаган Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коомунун төрайымы, медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбүбү Тобокелова республиканын айрым аймактарында бир эле адамдан гепатит вирусунун эки түрү – В, С дагы табылып жаткандыгын, аларды убагында аныктап дарылабаса 5-7 жылдан кийин боордун циррозуна айланарын айтып, ошондон улам бийлик өкүлдөрүн коңгуроо кагып келип жаткандыгын баса белгиледи. Анын маалыматы боюнча Орусия менен Казакстан гепатит С вирусу боюнча калкынын 5%гана текшерүүгө алган. Натыйжада Орусияда 4%, Казакстанда 7% калкында гепатит С вирусуна чалдыккандар аныкталган. “Гепатит вирусу кокусунан аныкталып калат. Ошого байланыштуу биз дагы элибиздин саламаттыгы үчүн ушундай текшерүүлөрдү жүргүзөлү деп 4-5 жылдан бери чуркап жүрөбүз”,- дейт С.Тобокелова.

Мындай олуттуу маалыматтары менен бөлүшкөн Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коомунун төрайымы гепатит вирустарына каршы күрөшүү боюнча борбордорду уюштуруу сунушун фракция депутаттарынын астына койду.

Талкууда депутат Исхак Масалиев бул өтө маанилүү маселе экенин айтып, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай борбор ачканга Өкмөткө сунуш берүүгө чакырды. “Элдин саламаттыгы, келечек муун үчүн каражат таап, ишти ыкчам баштоо керек”,- дейт ал. Министрдин орун басары Амангелди Мурзалиев сунушту колдой тургандыгын, бирок каражаттын жетишсиздигинен бул маселе чечилбей келе жаткандыгын билдирди.

Депутат Тынчтык Шайназаров бул вирусту алдын алууда профилактика иштерине кызыкты. Прфессор С.Тобокелованын айтымында, эң жакшы профилактика – бул эмдөө, бирок 14 жаштан жогоркуларга акы төлөп вакцина саюуда көйгөйлөр бар.

Бир катар фракция мүчөлөрү олуттуу маселе көтөрүп, сунуш менен кайрылган Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коомунун төрайымына ыраазычылык билдиришти.

Жыйынтыгында КР Өкмөтүнө республикалык гепатологиялык борбор ачуу боюнча тапшырма берүү чечимин кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: