Menu

2018 жылдан баштап “Ташкент – Рыбачье” поезд каттамы ачылат

Бөлүшүү:

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын айтымы боюнча, 2018-жылдын жай мезгилинде «Ташкент-Рыбачье» поезд каттамы ачылат. Аталган поезд Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:

2018-жылдын 16-июнунан тартып, 25-августка чейин Ташкент шаарынан ар ишемби күндөрү чыгат жана 17-июньдан тартып, 26-августка чейин «Рыбачье» бекетине ар жекшемби күнү келет.

2018-жылдын 18-июнунан тартып, 27-августка чейин Рыбачьеден ар дүйшөмбү күнү чыгып, 19-июндан тартып, 28-августка чейин ар шейшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Жол жүрүү билеттери 2018-жылдын май айынан баштап сатыла баштайт. Ал эми жол жүрүү билеттеринин баалары жана жөнөө убактылары боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: