Ордо калаадагы «Россия» кино театрынын жанында жалгыз «Планетарий» бар эле. Окуучулар менен студенттер такай барып, ааламдын түрдүү сырлары тууралуу маалымат алышчу. Тилекке каршы, азыр ал таптакыр каралбай калыптыр. Өкмөт өзү демилгени колго алып, аны тезинен калыбына келтириши зарыл. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
«Азыр учурда «Планетарий» кайсы мекеменин балансында турганын билбейм, бирок ал кароосуз калбашы керек. Кандай болгон күндө да, Өкмөт бул маселени өзүнүн көзөмөлүнө алып, аны иштетиши зарыл», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ