Бүгүн, 4-январда депутат Канат Исаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Боромбай Абдыразаков тарабынан коррупция беренеси боюнча 12 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилди. Андан сырткары Канат Исаевдин үй-мүлкү конфискацияланат.
Депутат Канат Исаев былтыр, 2016-жылы президент Атамбаевдин саясатына каршы чыккандан кийин ага КР Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Анын ичинде бийликти күч менен басып алуу аракети, коррупция беренелери бар болчу.
Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда шаардык китепкананы 500 кв.м жер участогу менен мыйзамсыз жана арзандатылган баада 572 миң сомго жеке менчикке сатып жиберген деп айыпталды. Прокурорлордун эсептөөсү боюнча китепкананын чыныгы баасы 2010-жылы 1 миллион сом болгон.
Бүгүн аяктаган сот процессинде прокурорлор депутат Канат Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Бул кылмыш иши боюнча дагы эки жаран Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбековдор да 10 жылдан эркинен ажыратылып, жазаларын күчөтүлгөн режимдеги абакта тартышат. Үй-мүлктөрү конфискацияланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ