Кыргыз Республикасынын аймагында 5-9-январда күтүлгөн аба ырайы боюнча маалыматты ӨКМ таратты.
Ага ылайык, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, 6-январда күндүз жана 7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
8-9-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ