Menu

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 70 бала Сооронбай Жээнбековдон Жаңы жылдык белек алышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган 70 бала Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдон Жаңы жылдык белек алышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын дарегине өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 6-14 жаштагы балдардан Президенттин колунан Жаңы жылдык белек алуу өтүнүчү менен кайрылган каттар келип түшкөн. Алардын арасында окуунун отличниктери, активисттер, турмуштук оор жагдайга туш келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары дагы бар.

Маселен, Баткен облусунун Кадамжай районундагы орто мектептин окуучусу Н. Маматураимова Президентке куттуктоо ыр жазып, Жаңы жылга компьютер белекке берүүсүн өтүнгөн. Талас шаарынан тогуз жаштагы Акылай алты жашынан бери “Манас” окуйт, куттуктоо менен кошо ал Мамлекет башчысынан Жаңы жылдык белек тартуулоону суранган. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы алтынчы класстын окуучусу Б.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып, Жаңы жылдык белек алгысы келген өтүнүчүн жазып жиберген.

Келип түшкөн каттарга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан планшеттерди сатып алып, балдарга белекке берүү үчүн акча каражатын бөлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: