Чүй облустук жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин кызматкерлери Кызыл китепке кирген ак кууну сактап калышты. Билдирүүгө ылайык, департаменттин кызматкерлери жарадар болгон ак кууну «NABU’нун» Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин Кыргызстаңдагы кеңсесине алып келишкен. Ал жактан канаттууну мал доктурлар көрүп, ал катуу жаракат албаганын, октон териси гана бир аз жабыр тартканын билдиришкен. Тийиштүу жардам көрсөтүлгөн соң ак кууга жем берилип, сууга коё берилген. Канаттууну өлтүргөнгө аракет кылган браконьерлер кармалган эмес.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ