Menu

Назарбаев Түндүк Кореяны өзөктүк дымактарынан баш тартууга чакырды

Бөлүшүү:

Казак лидери Нурсултан Назарбаев Түндүк Кореяны Казакстандын жолуна түшүп, өзөктүк дымактарынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинин массалык кыйратуучу куралдардын тарашына каршы күрөшүүдөгү ишенимди бекемдөө чаралары боюнча жыйында билдирди.

Казакстан «өзөктүк куралдан баш тартып, ири державалардан кепилдик алуу менен» эл аралык беделин бекемдеди», — деп билдирди Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңешинде. Бул айда Казакстан Кеңеште төрагалык кылууда.

Ушул эле жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын дүйнөлүк державалар менен түзгөн өзөктүк келишимден баш тартуусу эл аралык коомчулук үчүн «кооптуу белги» экенин эскертти.

Ал Трамптын администрациясына жолдогон жашыруун катында «Орусия айрым өлкөлөрдүн саясий максаттары үчүн эл аралык дипломатиянын чыныгы жетишкендиктеринен баш тарта албай турганын» жазган.

Апта башында орус министри Тегеран менен макулдашуулар ишке ашпай калса, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын санкциялардын алынышы үчүн өзөктүк куралдан баш тартууга макул болбой турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: