Menu

Руслан Казакпаев, «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери: “Бабанов менен жолукканым чын”  

Бөлүшүү:

Руслан Айтпаевич, кечээ жакында лидериңиз Өмүрбек Бабанов Алматы шаарында партиялаштарын чогултуп, жыйын куруп, маңдай-тескей чай ичкен турбайсыздарбы. Ал жерден Өмүрбек Бабанов арманын айтып абдан кейиген экен. Бул маалыматка кандай комментарий бересиз?

—Жалган маалымат. Менин Алматыга бара элегиме бир жылдан ашып кетти окшойт.

Өмүрбек мырзага баягы Кыргызстандан кетип жаткан боюнча жолуга элексизби?

—Өмүрбек Токтогулович менен жолукканым чын. Бирок, Алматыда эмес. Биз фракциянын лидерлигинин маселесин чечип жаткан убакта Орусиядан жолуккам.

—Партиянын келечегин кан­дай ракурста көрө аласыз?

—Бир нерсе деп айтыш абдан эрте. Азыр деле партиянын лидери юридикалык жактан Бабанов Өмүрбек Токтогулович болуп эсептелинет.

—Демек ал партиянын ички иштерине дагы деле аралашат турбайбы?

—Андай эмес. Ал өзүнүн кайрылуусун жасап, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошууга аракет жасайм деп айтты. Бабановдун лидерликтен кетиши «Республика – Ата Журт» партиясы элге берген убадасын аткарбайт деген сөз эмес. Келечекте кандай болот, баарын убакыт көрсөтөт.

—Бакиевдин убагында да саясаттан кеттим дебеди беле. Кайра кайрылып келбедиби?

—Ал убакта эмне болгонун билбейм. Бирок азыркы учурда саясаттан кеттим деди. Демек, убадасына турат, жигитчилик кылып. Бабанов саясаттан кетти деген сөз Кыргыз­стандан кетти дегенди билдирбейт.

—Ал качан келет мамлекетине? Кылмыш иштерине качан жигитче жооп берет, сизге айта элекпи?

—Мен ал менен көп деле байланышпайм. Качан келээрин айта элек. Азырынча тергөө иштери жүрүп жатат. Жактоочулары иштеп жүрүшөт. Баардыгына сот тармагындагылар гана чекит коёт деп ойлойм.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: