Бишкектеги түрктөрдүн соода борборундагы итке калпак кийгизген окуя Жогорку Кеңештеги Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбековдун намысын козгогон окшойт, парламентке келгенден бери кыйратып ооз ача элек депутат мырзалар кыймылга келип, атадан калган ак калпактын кадырын герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө керек мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Албетте, мунусу алкоого арзый турган эң жакшы иш, бирок мыйзамга чет өлкөлөрдөгү иш сапарларда президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей, милдеттүү түрдө кийсин дегени аша чапкандык болуп калыптыр. Президенттин калпак кийип бара турган, кийбей бара турган учурларын да эске албайлыбы. Туура, ак кийимибизди ардактайлы.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ