Menu

Аалы Карашев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Биздин мигранттарыбыз экономикага Кумтөрдөн 20 эсе көбүрөөк салым кошууда”

Бөлүшүү:

— Аалы Азимович, сиздер демилгелеген пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн маңызы эмнеде, ал биздин жарандарга кандай жеңилдик берет?

— Бүгүнкү күндө элге кыйынчылык туудуруп жаткан эң көйгөйлүү маселелердин бири – отуз-кырк жыл иштеген аталарыбыз, апаларыбыз пенсия жашына жеткенде Соцфондго тапшырчу тиешелүү документтерин чогултууга келгенде абдан чоң кыйынчылыкка дуушар болушат. Өзгөчө 1996-жылга чейинки камсыздоо бөлүгүн эсептегенде. Кээ бирлеринин Советтер Союзу убагында иштеген колхоз-совхоздору, ишканалары жоюлуп кеткен. Кээ бирөөлөрү башка союздук республикаларда, мисалы, Сибирь регионунда иштешкен. Же болбосо, чет жактарда аскер кызматын өтөгөндөр бар. Алар пенсияга чыгыш үчүн ошол жактан өзүнүн айлык акысын, ошондой эле камсыздандыруу төгүмүн төлөгөндүгүн тастыктоочу документерди алып келип тапшырышы керек болуп атат. Анан эсептеп көрсөңүздөр, Россияга барып келиш керек болсо канча акча талап кылынат? Кээ бир жарандарыбыз тиешелүү документтерди жыйнаш үчүн райондун борборуна келиш керек болот. Айрым айылдар райборбордон 50, айрымдары 100 чакырым алыста жайгашкан. Архив сыяктуу мамлекеттик органдарга барганда дагы кезек болуп калышы мүмкүн. Же “эртең кел, бүрсүгүнү кел” деп коюулары мүмкүн. Натыйжада, “документ жыйнайм” деп үч айлап, жарым жылдап жүрүп калган учурлар болуп калууда. Мына ушуга байланыштуу биз округдарга барганда шайлоочуларыбыз “өмүр бою иштеп, анан пенсияга чыгаарга келгенде өзүмдүн иштеп тапкан маңдай тер эмгегимди кайра алыш үчүн дагы кыйналышым керекпи?” деген адилет суроону коюп жатышат. Ошондуктан, биз мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, схеманы жөнөкөйлөтөлү дедик. Ал өзгөртүүгө ылайык, пенсия жашына келген жаран Соцфондго арызын, паспортун, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, анан 1996-жылга чейинки иштеген жеринин беш жылын тандап туруп, ошону тастыктаган документти берет. Калган документтердин баарын социалдык коргоодон алабы, мамлекеттик каттоо кызматынан алабы, же башка республикаларга запросторду жөнөтөбү, ал соцфондун милдети. Биздин пенсионер “кагаз чогултам” деп жүгүрүп жүрбөшү керек. Арадан бир ай өтөбү, же эки ай өтөбү, Соцфонддогулар биздин пенсионерди чакырып, “сиздин баардык документтериниңиз жыйналып бүттү, сиз пенсияга чыктыңыз” деп китепчесин бериши шарт. Кесиптештериме ырахмат, биринчи окуудан 105 депутат бир добуштан колдоп беришти.

— Бул мыйзам коррупциялык көрүнүштөрдү да жоюуга шарт түзсө керек…

— “Пенсияга чыгам” деген киши документтерин чогултуп жүргөндө мамлекеттик органга келип кезекке турат, ал жердин өзүнүн төлөмдөрү бар, аны төлөш керек. Кээ бир кызматкерлер “бир жумадан кийин кел” деп коюшу мүмкүн. Ал 50, же 100 чакырым жерден келген болсо, “дагы убара болуп келип отурамбы?” деген ой кетиши ыктымал. Андыктан, коррупциялык тобокелчилик бар. Ошондуктан, биз “тиешелүү документтердин баарын өзүң жыйна” деп Соцфондду милдеттендирип жатабыз. Натыйжада, коррупциялык көп көрүнүштөргө бөгөт коюла турганы боюнча ишеним бар.

— Жарандарды пенсия менен камсыздоодо мындан башка да көп проблемалар бар эмеспи. Мисалы, биздин миңдеген жарандарыбыз Россияда, Казакстанда мигрант болуп жүрүшөт. Бирок, алардын иши эмгек стажына кошулбайт экен. Бул багытта өкмөт кандай аракеттерди көрүшү керек?

— Бул аябай туура маселе. Россия Федерациясында эле 600 миңден ашуун жараныбыз эмгектенип жүрүшөт. Алар эми жыргаганынан кеткен жок да, жашоонун кыйынчылыгынан “үй-бүлөнү багам” деп кетишти. Алар өз эмгегине жараша пенсия алганга татыктуу. Биз ага шарт түзүп беришибиз зарыл. Бүгүн бул боюнча Соцфондун жетекчилиги өз маалыматын берди. “Социалдык фонддордун жетекчилеринин алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок, айрым бир келишпестиктер болгон. Ошондукан, бул маселени өкмөт башчыларынын, президенттердин деңгээлинде чечүү зарыл” дешти. Биз бул маселени сөзсүз чечишибиз керек. Евразиялык экономикалык союздун алкагына киргенден кийин, менимче, чечүүнүн жолдору табылат.

Ушул жерден кошумчалай кетчү бир нерсе, сырт жакта жүргөн биздин мигранттарыбыз катуу ооруп, же көз жумса жердештери өздөрү акча чогултуп, самолетко салып жөнөтүшөт экен. Же болбосо Япониядагы сунами, Ирандагы жер титирөө сыяктуу табийгый кырсыктар болгондо, “биздин жарандарыбызды алып келгенге жардамдашкылачы?” деп суранып эле жүрөбүз. Биз эми өз алдынча мамлекетпиз да. Ошндуктан, бюджетти карап жатканда, мен премьер-министр Сапар Жумакадыровичке маселе койдум эле. “Биздин мигранттарыбыз экономикага Кумтөрдөн 20 эсе көбүрөөк салым кошуп, жылына 2 миллиард доллардан акча которуп  жатышат. Тышкы иштер министрлигинин, же миграция агенттигинин астында атайын бир фонд түзбөйлүбү. 2 миллиардын бир пайызы 20 млн. 0,1 пайызы 2 млн. доллар болот экен. Ошол акча кол тийгис болуп турса, жанагындай кырдаалдар болуп калганда, эч кимден суранбай түз жардам бере алат элек” деп. Бүгүн эми мигранттарга жардам бере турган мезгил келди. Биз аларга шарт түзүп, баардык жагынан колдоого алышыбыз керек.

Автор: Аттокур Жумаев

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: