Menu

Элибиз кымбат баалуу унаалары менен эмес, акыл казынасы бай маданияты менен барктуу

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-январдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндөгү Премьер-министрдин отчёту тууралуу” тармактык комитеттин токтомунун аткарылышын карады. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.Султанбекова баштаган бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери маалымат беришти.

Вице-премьер министрдин баяндамасында айтылгандай, Сауд өнүктүрүү фондусунун каржылоосу боюнча 27 мектептин курулушу такталып, тизмеси аныкталган. Алардын катарында Бишкек шаарына тиешелүү болгон 3 объект бар. Алар №5 жана №61 мектептерге кошумча 575 орундуу корпустар курулат. Арча-Бешик жаңы конушуна дагы 500 орундуу мектептин курулушу пландалган.

Токтомдо көрсөтүлгөн дагы бир маанилүү маселе, – деп белгилеген Ч.Султанбекова , – “Кыргыз Республикасынын эл артисти” менен “СССРдин эл артисти” наамдарын алган пенсионерлерге өмүр бою төлөнүүчү үстөк пулдардын өлчөмү да такталгандыгын айтты. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алган пенсионерлерге 5 миң сомдук кошумча төлөм жүргүзүлсө, ал эми  “СССРдин эл артисти” наамынын ээлерине стипендия төлөө шарттары караштырылууда. Бул багытта “Маданият жөнүндөгү” мыйзамга “Стипендия” деген түшүнүк киргизилип жатат, – дейт баяндамачы.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз, – “Азыр биз айдап жүргөн кымбат баалуу унааларыбыз, чет жерден сатып алган турак-жайларыбыз же эгемендик алгандан бери алмашкан 2000 депутатыбыз, же 500 министрибиз, 4-5 президентибиз менен мактана албайбыз. Биз рух дараметибизди чагылдырган мыкты – мыкты жазуучуларыбыз, маданий ишмерлерибиз менен башыбызды жогору көтөрө алабыз. Ошондуктан, бул багытка олуттуу көңүл бурушубуз”, – деди.

Депутат Альфия Самигуллина ордо калаадагы Фтизиатрия борборунун ыңгайсыз шартта иштеп жаткандыгына канчага чейин көз жууп олтура берүүгө болот?- деп баяндамада айтылган жоопторго алымсынбады.

Эл аралык аренага алып чыккан спортсмендерибиздин жетишкендиктерине эле курсант болуп жүрө бербей,  ири спорттук иш чараларды өткөрүүдө да жүзүбүз жарык болушу керек. Бул үчүн кеминде 5 миң орунга эсептелген спорт ордобуз болууга тийиш, – деген пикирди депутат Тазабек Икрамов айтып, ошол эле маалда спорттук медицина үчүн даярдалып жаткан адситердин кесипкөйлүгүнө да кызыкты.

Депутаттын койгон суроолоруна жооп берген КР Өкмөтүнө караштуу Жаштардын иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун билдиришинче, азыркы Дене тарбия академиясына катарлаш жерде 10 миң орундуу спорт ордосу курулат.

Депутаттар Аида Касымалиева менен Айнура Осмонова жөлөкпулдар боюнча суроолорун узатып, сүйүнчүпулдарды төлөөнүн кечеңдеп жаткандыгынын себептерин такташты. Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова болсо, – “Сүйүнчүпул төлөө тартиби төрөт үйүнөн башталыш керек”, – деп белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндөгү Премьер-министрдин отчёту тууралуу” тармактык комитеттин токтомунун аткарылышы боюча министрлер кабинетинин маалыматтары эске алынып, бул тууралуу чечим Жогорку Кеңештин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Андан тышкары 2017-жылдын 29- майындагы «Жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды социалдык колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүп жаткан чаралар жөнүндөгү» тармактык комитеттин чечиминин аткарылышына да көңүл бурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: