Menu

Чаткал районунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-январда Чаткал районунда жыл жыйынтыгын чыгарган райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия олтурумунун жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Коллегия олтурумунун жыйынына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышты.

Чаткал районунда 2017-жылы социалдык-экономикалык багытта аткарылган иштер туурасында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канжарбек Эшалиев кеңири баяндама жасады. Баяндамада белгиленип кеткендей, 2017-жылы эл чарба тармагынан 7 млрд.478 млн. 476 миё 600 сомдук дүё продукция өндүрүлүп, берилген план 2,7 эсеге ашыра аткарылган. Республикалык бюджет 410 млн. 946  миң сомго аткарылып, план-тапшырма 100 пайызга аткарылган. Ал эми жергиликтүү бюджет 83 млн. 434 миң сомго аткарылып, план-тапшырма 106,3 пайызга аткарылган.

Мамлекеттик бюджеттин ашыгы менен аткарылышы Чаткал районунда алтын ылгоо боюнча иш жүргүзүп жатышкан чет элдик компаниялардын эсебинен болууда. Чаткал районунда тоо кен байлыктарын иштетүүчү 101 компаниялар лицензия алышкан. Алардын ичинен учурда 7 компания гана толук кандуу иштеп жатат.Тактап айтсак, “Эки-Бакыр Терек-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз-түрк биргелешкен алтын иштеп чыгаруучу ишканасы өткөн жылы 47 млн. сомдук концентрат иштеп чыгарса, “Вертекс Голд компани” ЖЧКсынын кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы өткөн жылы 2 млрд. сомдук концентрат иштеп чыгарган. “Кичи-Чаарат” ЖЧКсы иш жүргүзүп жаткан кытай компаниясы быйыл алтын ылгоочу фабриканы ишке киргизүү максатын белгилеген. Өткөн жылы райондун өнүктүрүү фондуна 103 млн. сом акча каражаты түшкөн.

Коллегиянын олтурум жыйынында Чаткалдагы төрөт бөлүмүнүн башкы медайым жана бир катар дарыгерлер Чаткал районунда дарыгерлердин жетишсиздигин, аларга түзүлгөн шарттардын жакшы эмес экендигин ортого салышты. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев учурда 30 студент тоо кен тармагынди иш алып барып жаткан чет элдик компаниялардын эсебинен контрактык акчалары төлөнүп окутулуп жаткандыгын айтып кетти.

Чаткал районунун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиянын олтурумуна катышкан ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жумушсуздардын санын кыскартуу, Япон, Кытай жана мамлекеттик кердиттер менен ссудалардын кайтарымын жогорулатуу, пайдаланылбай калган айдоо аянттарын азайтуу жана билим сапатын жакшыртуу маселесине жетекчилердин көёүлүн бурду.

Ала-Бука – Каныш-Кыя жолуна инвесторлордун эсебинен төшөлгөн 7км. асфальт жол менен жаңы курулган көпүрөлөр КРнын транспорт жана жол министрлиги менен №17 ДЭПтин балансына ушул кезге чейин өткөрүлбөй келүүдө. Айгыр-Жал айылына курулган 16 млн. Сомдук жаңы көпүрөнү былтыр сел алып кеткен. Чаткал районунда инвесторлордун колдоосу менен курулган спорт комплекстерин натыйжалуу иштетүү маселеси жакшы колго алынбай келүүдө.

Климаты катаал келген Чаткал району облустун борборунан 360 км. алыстыкта жайгашкан. Кыш айы 6 айга созулат. Бүгүнкү күндө Чаткал районуна 1 метрден бийик кар түшүп, түнкүсүн минус 20 градусту көрсөтүүдө. Чаткал району боюнча 27267 калк жашайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: